Ош шаарында "Бардыгы үй үчүн" аттуу жарманке башталды

Бүгүн Ош шаарындагы Улуттук драма театрында "Бардыгы үй үчүн" аттуу жарманке башталды. Жарманке 15-ноябрдан 18-ноябрга чейин уланып, анда үй тиричилигине керектүү буюм, азык-түлүктүн түрлөрү коюлат. Иш-чарага азык-түлүк жана жеңил өнөр жай тармагы баш болуп 25 компания катышууда. "Бул жарманке Ош шаарындагы кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүүнүн бир кадамы. Буга ата мекендик өндүрүшчүлөр катышып жатат" дейт Ош шаарындагы ишкерлер клубунун президенти Азиза Юлдашева. Мындай жарманке быйыл бешинчи ирет өтүп жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан