Курмангазы Азыкбаев: “Муратбек Бегалиев консерваторияга өзүнүн ысымын койдурууну көздөп жатат”

  Бизге КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаевден кат келиптир. Анда учурда актуалдуу болуп жаткан маселе тууралуу кеп болот. Ошол каттан үзүндү:  “Муратбек Бегалиев Кыргыз улуттук консерваториясына  Калый Молдобасановдун ысымын берип коюу маселеси көтөрүлүп, өкмөт токтомун чыгарса, ага каршы мугалимдерин тукуруп, ар кандай инстанцияларга кат жаздырып ызы-чуу салып жаткан кези. Анткени консерваторияга өзүнүн ысымын койдурууну көздөп, уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей убайым тартып жүргөнүнө көп жыл болду. Жеке өзү консерваторияга К.Молдобасановдун ысымын ыйгарууга эмне үчүн каршы экендигин: “Ал консерваторияда иштеген эмес, атын койсок консерваторияны кара аура каптап кетет”,- деп Маданият министрлигинин коллегиясында жана да теледен кан какшап жатат. КТРдин “Ала-Тоо” программасында болсо анын жакындары: Э.Мадемилова аттуу бийчи-кемпир, үй-бүлөнүн жакын досу З.Нарынбаева жана жубайы З.Сленчак “Муратбектин консерваторияга салган эмгеги зор, чоң ремонт жасады, ошон үчүн Бегилевдин атын бериш керек" деп бир ооздон сүйлөп турушту. Андан соң “24 kg” интернет маалымат булагына жана КТРден М.Бегалиев “Бир нече жылдан бери манасчы Сагымбай Орозбаковдун атын берели десек, маселе чечилбей келе жатат” деп айтат. Сагымбай Орозбаков – улуу манасчы, бирок музыкант эмес да, Молдобасанов консерваторияда иштеген эмес" дейт да, консерватория деген эмне экенин билбей эбак дүйнө салган залкар манасчынын атына жамынып жатпайбы. Учурда “Манас борбору”, "Манасты" изилдөөчү илимий институттар ачылышын коомчулук көтөрүп жатат. Алардын ачылышына толук ишенем. Бул мезгилдин талабы. Ошондо Сагымбай жана Саякбай манасчы аталарыбыздын ысымдары өз-өз ордуна ыйгарылары турган иш.  
 Кандай жагынан алып караган күнү да СССРдин Эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Социалисттик эмгектин баатыры, улуу композитор, дирижер Калый Молдобасановдун ысымын консерваторияга ыйгаруу эң туура чечим болгонун бүткүл кыргыз эли колдооруна ишенем. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан