20-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк бала күнүнө карата бүгүн Талас шаарында КРнын Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси жана “Нур бала” коомдук бирикмеси биргелешкен “Кайдыгерликке жүрүш” аттуу автокербен акциясын уюштурушту. Акциянын максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ал-акыбалын угуп, көйгөйлөрүн чечип берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жана алардын ата-энелеринин эмгектерин баалоо менен кошумча төлөмдөрдү төлөөгө көңүл бурдуруу болуп саналат. Бул иш-чара облустук МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусундагы оюндарды уюштуруу менен уланат.