Ахматбек Келдибеков: "Бир министрликти баккыча Спорт комитетин баксак, чемпиондор чыгат"

"Кыргыз спортуна акча бөлбөсөк эч качан Олимпиада чемпиону чыкпайт". Мындай пикирди депутат Ахматбек Келдибеков билдирди. Анын айтымында, балбандарды Олимпиадага даярдоодо спорттук каражаттар үчүн эң аз дегенде 10 миң доллар бөлүш керек. "Спортчуларга астейдил көңүл бурулмайынча жыйынтык чыкпайт. Бир министрликти баккыча мамлекеттик спорт комитетин баксак жыйынтык чыгат. Мен да Лондон Олимпиадасына барып, колдон келишинче спортчуларыбызга дем-күч берип жүрдүм. Алардын жашаган жерине чейин бардым. Мындан ары Олимпиадага барарда спортчулар менен кошо чиновниктерди көп жөнөтүш керек, бирок өз жанынан акча төлөп барсын. Ошол жерде балбандарга колдоо көрсөтүп туруш керек",- дейт Келдибеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан