Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Баткен облусунда болду

Бүгүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Баткен облусунда болду. Иш сапарында КРнын шайлоосун жана референдумун өткөрүүчү облустук штабда болуп, шайлоо ачык жана таза өтүүсү керектигин айтты. Эгер талапкерлер административдик ресурсту колдонуп, шайлоочуларды сатып алганы тууралуу тастыкталган маалымат келсе, анда ошол адамдар жоопко тартыларын белгиледи. Андан кийин Тайырбек Сарпашев арзандатылган баада ун жана көмүр сатылып жаткан түйүндөр менен таанышып кайтканын Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан