Баткен. "Супер-Инфо" Баткен шаарында “Биз таза шаар үчүн!” акциясын өткөрдү

“Супер-Инфо” гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмү “ Баткен Коммунальщик” акционердик коому менен биргеликте Баткен шаарында “Биз таза шаар үчүн!” деген акция өткөрдү. Ага шаардын Ж.Бөкөнбаев, С.Айтматов, В.И.Ленин атындагы жана №3-мектептин окуучулары менен БатМУнун жана анын алдындагы колледждин студенттери активдүү катышып, көчөдөгү таштандыларды жыйнашты. Бул иш-чаранын алкагында шаардын 6 чоң көчөсү тазаланды. Акциянын соңунда катышуучуларга дискотека уюштурулуп, түрдүү оюндар ойнотулду. Оюндун жеңүүчүлөрүнө  “Супер-Инфо” гезитинин логотиби түшүрүлгөн футболкалар, жылнаамалар, баштыкчалар берилди. Ал эми “ Баткен Коммунальщик” акционердик коомунун директору Зылалидин Турдубаевич акцияга эң жакшы катышкан С.Айтматов атындагы орто мектептин окуучуларына сыналгы белекке берерин айтты.       
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан