Опера жана балет театрынын 70 жылдык мааракесине карата учурда Бишкек шаарында фестиваль өтүүдө. Фестиваль 14-ноябрдан баштап 18-ноябрга чейин созулмакчы. Иш-чаранын алкагында 15-ноябрь күнү кыргыздын туңгуч балети "Чолпон" да коюлду. Чолпондун ролун Аккар Мамбетакунова, терс каарман Айдайдын ролун Асел Айдарова, Нурдиндин ролун Талант Осмонов аткарса, аталган балеттин дирижёру Ж.Каниметов болду.