Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандагы айдоочуларга кооптуу аймактарды жарыялады (Тизме)

Кыргызстандын аймагындагы бийик тоолуу унаа жолдорунун кар көчкү коркунучу бар участкаларынын картасы быйыл да жаңыланып иштеп чыгарылганын КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Ал картада бийик тоолуу жана жүргүнчүлөр көп жүрүүчү 12 участка көрсөтүлгөн. Ага байланыштуу ӨКМ айдоочулар менен жүргүнчүлөр жогорудагы белгиленген участкалар аркылуу жол жүрүүдө адистердин кеңештерине жана аба ырайын маалымдоочу агенттиктин маалыматына, шашылыш эскертүүлөргө дыкат көңүл бурууларын эскертет. Аталган 12 участка төмөнкүлөр: 
1. Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымы (Көчкү-Булак участкасы) 
2. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 290-чакырымы (Чоң-Көчкү участкасы) 
3. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымы 
4. Бишкек-Ош унаа жолунун 216-231-чакырымы (Шаркыратма участкасы) 
5. Бишкек-Ош унаа жолунун 247-265-чакырымы 
6. Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-82-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу )
7. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировское унаа жолунун 192-222-чакырымы (Чапчыма ашуусу )
8. Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90унчу жана 145-150-чакырымы. 
9. Баетов-Макмал унаа жолунун 110-134-чакырымы (Көк-Мойнок ашуусу) 
10. Казарман-Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымы (Кара-Коо ашуусу) 
11. Миң-Куш-Арал унаа жолунун 10-35-чакырымы 
12. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымы (Суек ашуусу). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан