Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө эки окуучуну сүзүп кеткен айдоочулардын бирине айып салынып, экинчиси боюнча тергөө уланууда

Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө эки окуучуну сүзүп кеткен айдоочулардын бирине айып салынып, экинчиси боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуучунун ата-энесине келтирилген чыгымды төлөп берген. Ошондой эле ага административдик айып салынган. Ал эми Лексустун айдоочусунун иши боюнча тергөө уланууда", - дейт Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморов.

Айта кетсек, жол кырсыгы 12-май күнү түштөн кийин Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан эки окуучунун бирин Лексус RX 300 үлгүсүндөгү, ал эми экинчисин Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген. Ал эми Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетип, бирок ошол эле күнү кармалган болчу.

Ал эми ооруканага жеткирилген 2006-жылы туулган М. кызы Кнын баш мээси чайкалып, бетинин оң жагы, чыканактары жана тизелери тытылган. 2008-жылы төрөлгөн А.Анын болсо оң тизеси көгөрүп калган. Абалы канааттандырарлык болгондуктан, дарылануу үчүн үйүнө жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
solntse95
2017-05-18 20:34:18
Качпай жардам берген баланын таанышы жок окшойт да э?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан