Алматы–Бишкек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
Каргашалуу окуя кечээ, 21-июнда унаа жолунун 135-чакырымында орун алды.
Алматы облусунун полициясы билдиргендей, Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Toyota Highlander менен, андан кийин DAF жүк ташуучу унаанын чиркегичи менен кагышкан. Мындан улам унааларды өрт каптаган.
Mitsubishi Pajero унаасынын 4 жүргүнчүсү жана Toyota Highlander унаасынын бир жүргүнчүсү жеринде каза болуп, калгандары ооруканага жеткирилген.
Кырсык боюнча кылмыш иши козголду.