Москванын борбордук бөлүгүндө 26 жаштагы жаранды тоноп кеткен деген шек менен адамдардын тобу кармалды. Алардын арасында Кыргыз жараны дагы бар. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Комсомол аянтындагы жер астындагы өтмөктөн 26 жаштагы Костром облусунун жашоочусун бир нече адам күч колдонуп тоноп кеткен. Белгисиз адамдар жабырлануучунун чөнтөк телефонун жана ичинде буюмдары бар баштыгын алып кетишкен.
"Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Краснопрудная көчөсүнөн Орусиянын ар кайсы аймагынан жана Кыргыз мамлекетинен, Беларустан, Донбасстан келген 8 адамды кармашкан. Алардын баары мас абалында болгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.