18-майда Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө саат 04:20 чамасында Ауди-100 унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгынан жабыркаган 30 жаштагы тургунга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматы менен Улуттук нейро-травматологиялык бөлүмүнө жеткирилди", - дешти мекемеден.
"Жөө жүргүнчүнү сүзгөн айдоочунун Ауди-100 унаасы Патрулдук милициянын айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти Бишкек ШИИББинен.