Бишкекте жоголгон телефон менен селфи сүрөткө түшкөн жигит смартфонду ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу Назар Канаев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери аркылуу телефонун көтөрүп жүргөн жигиттин өздүгү аныкталып, ал смартфонун кайтарып берген.
Буга чейин Назар Канаев Фейсбуктагы баракчасына 14-майда телефонун жоготуп алганын жана 16-майда анын смартфону менен селфи сүрөткө түшкөн белгисиз адамдын фотолору Dropbox программасына келип түшкөнүн жазган.
Ошондой эле ал анын смартфону менен селфи сүрөткө түшкөн баланы издеп табууга жардам сураган болчу.
Айта кетсек, Dropbox тиркемеси телефондун камерасына тартылган сүрөттөрдү автоматтык түрдө сактап турат. Сүрөттөрдү үйдөгү компьютерден да көрсө болот.