Бүгүн, 19-май күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча сот отуруму болууда. Кылмышка шектүү Нарын Токтошевдин айтымында, өзүнө коюлган күнөөгө толук макул эмес. Себебин аялды атайылап өлтүрбөгөнү менен түшүндүрдү. Ал эми Майрамкүл Абдурасулова адам өлтүрүүгө катышпаганын айтты. Андан сырткары сот отурумунда маркумдун күйөө баласы Майрамбек Жуманов күбө катары суралды. Айтымында, үйгө киргенде бөлмөдөгү буюмдарды чачылган абалда көргөн.
"Мен саат 11:42 чамасында үйгө келген учурда короонун эшиги ачык экен. Андан соң менден мурда үйгө кирген небереси "чоң энем өлүптүр" деп кыйкырып чыкты. Шашып кирсем, ал уктоочу бөлмөсүндө жерге бүк түшүп жатыптыр. Жердин баары кан экен. Дароо анын уулу Нурланга телефон чалдым. Аркы бөлмөдө 1,5 жаштагы небереси күрмөсүн бутуна кийип алып, басып жүрүптүр. Анын кийимдери да кан болчу. Менимче, ал өлгөн чоң энесинин жанына келсе керек. Кийин милиция, "Тез жардам" келди. Аларды Нурлан чакырыптыр", - деди Майрамбек Жуманов.
Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана 1953-жылы туулган Нарын Токтошев кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токтошев менен кошо келген. Кийин Токтошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.