Баткен районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, окуучу кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-май түнү Баткенден Кадамжайга келе жаткан жолдо болгон. Анда айдоочу уктап кетип, анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, ала салып кеткен. Кырсыктан улам айдоочу каза болуп, 3 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында 11-класста окуган кыз да бар. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.