Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус менен троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. №199-каттамдагы кичи автобустун айдоочусунун айтымында, өз жолу менен түз келе жаткан.
"Түз келе жатканда капталдан троллейбус чыга калды. Маршрутканын ичинде 15ке жакын адам бар болчу. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган жок", - дейт маршруттук таксинин айдоочусу.
Ал эми троллейбустун айдоочусу комментарий берүүдөн баш тартты. Жол кырсыгынын кесепетинен жол тыгыны жаралды.
Айта кетсек, буга чейин №199-каттамдагы кичи автобус Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган эле.