Бишкектеги жол кырсыгынан студент кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 07:37 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө болгон. Анда ак түстөгү жеңил унаа студент кызды жолдон өткөрүү үчүн токтогон. Бирок артында катуу ылдамдыкта келе жаткан кызыл түстөгү кичи автобус жеңил унааны сүзгөн. Жеңил унаа катуу соккудан улам кызды сүзүп алган. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Азыркы тапта эки унаа тең айып жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.