ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: 24 жыл мурун Колумбияда Боинг 727 учагы тоону сүзүп, 132 киши каза болгон

Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылы 19-майда Колумбиянын Медельин шаарында Боинг 727 учагы тоону сүзүп, 132 киши көз жумган. Панама-Медельин-Богота каттамын аткарып жаткан учакта 125 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү болгон.

Ошол мезгилде Медельинде чагылган болуп, ал жердеги радиомаяк террорчулар тарабынан чабуулга кабылган соң иштебей калган. Учак аталган шаарга жакындап, аэропорттун диспетчери менен байланышканда, алар учактын кайсы жерде турганын аныктабай туруп 3,66 чакырым бийиктикке чейин төмөндөөгө уруксат берип коюшкан. Көп өтпөй экипаж менен диспетчердин ортосундагы байланыш үзүлгөн. Катаал аба ырайында төмөндөп бараткан учак Парамо-Фронтино тоосун сүзүп, жерге кулап түшкөн.

19-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан