Жарандык никедеги аялын кызганып, 74 жаштагы жаранды өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринде болгон. Анда 40 жаштагы Б.И. мас абалда жарандык никедеги аялы, 52 жаштагы О.Анын үйүнө келген. Ошол учурда бейтааныш адамды көрүп, аны сабап салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган. Эртеси жансыз денени убактылуу жашаган үйгө алып кирип катып койгон.
"Окуядан бир жума өткөн соң О.А. жашырылган сөөктү көрүп калып, эч кимге айтпай Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген. Маркумдун жансыз денеси 30-апрель күнү табылып, 74 жаштагы С.А. экени аныкталган. Азыркы тапта кылмышка шектүүлөр тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.