Бишкекте коомдук автобус 20 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Бишкектеги Чыгыш 5 кичи районунда Чүй көчөсү менен бара жаткан 7-каттамдагы автобус 20 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 14:00 чамасында болгон. Кырсыкка кабылган бала ооруканага жеткирилген.

"Жабыркаган баланын жаракаты жеңил. Айдоочунун алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталды. Ал кырсыкка кабылган бала алдынан күтүүсүз чыга калганын айтууда. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jangazy
2017-05-19 18:09:28
ошондо бугун маршруткалар катышкан 2 кырсык болдубу
+3
sirgak_92
2017-05-19 18:13:30
Jangazy,3 boldu
0
abdrakhmanovich
2017-05-19 20:11:39
Айдоочуда жөө жүргүнчүлөрда шашпасак... Жөө жүргүнчүлөр өзүбүзгө ишенип өтүп кетем деп чуркай коёбуз келе жаткан унаа токтой албай калат, анан айдоочу күнөөлүү болот. Шашкан ..... .... кирбейт.
+2
daak9191
2017-05-19 20:20:25
Эээ тугандар абайлагылачы чын чына келгендо жоо жургунчулордо куно ойду келди жерден эле чыга калып журокту тушурот 40 менен баратсан да токтой албай каласын анан байкуш вадител кунолу эми арасында бар дечи атасынын акчасына кобуп одурандап айдагандар чын ош базар жака барсан элдер ХХХ эле кете берет эч нерсени карабайт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан