Кара-Суу РИИБинин кызмат адамы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Суу РИИБинин кызмат адамы тергелип жаткан ишти оң жагына чечип берүү үчүн арыздануучудан 1 миң доллар талап кылган. Аталган кызматкери бүгүн саат 15:30 чамасында Ош шаарынан 40 миң сом өлчөмүндө пара алган жеринен кармалды.
"Бул факт боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан "пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.