Бишкекте таксист мас абалда кармалды, унаанын ичинде жүргүнчүлөр да болгон

Бишкекте таксист мас абалда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1996-жылы туулган А.Э. аттуу таксист 20-майга караган түнү Шабдан баатыр көчөсүнөн кармалган. Анын документин текшерүү учурунда мас абалда экени аныкталган. Таксисттин унаасынын ичинде жүргүнчүлөр да болгон.

"Азыркы тапта Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа айып жайга киргизилип, айдоочу иштеген такси кызматына билдирүү жөнөтүлдү. Ал эми айдоочуга административдик кодекстин 238-беренеси боюнча протокол толтурулуп, текшерүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2017-05-20 13:52:06
Сураганын бербей койсо керек.а то биздикилер акчаны көргөндө бийлеп жиберет ко.ичип алып унаа айдаганга катуураак чара көрүш керек.арак түшүнө киргенде чочуй турган кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан