Бишкекте 20 жаштагы кызды маршруттук такси сүзүп, ал каза болду

Бүгүн, 20-майда Бишкектин Кызыл-Аскер конушундагы Мессароша менен Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде 20 жаштагы кызды маршруттук такси сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев SUPER.KG порталына кабарлады.

Окуя саат 15:45тер чамасында болгон.

"1997-жылкы кыз жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолдон түндүктөн түштүктү көздөй бара жатканда, №220-маршруттук каттамдын унаасы сүзүп кеткен. Анын өздүгү такталды. Учурда маршруттук таксинин айдоочусунун алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегени аныкталып жатат. Унаа айып жайга токтотулуп, техникалык экспертиза жүргүзүлүүдө. Бул окуя боюнча иликтөө башталды", - деди Бугубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Birimdik5555
2017-05-20 19:10:04
Москвадагы пешеходдордон ишеничтуу отосун,Ошто болсо коркуп зорго келе жаткан машиналарды откоруп жиберип анан отуп аттык го,катуу айдашат да,Кудайым боодо кырсыктардан сакта
+8
baboskin
2017-05-20 22:33:53
Birimdik5555,правиланы эч Ким сактабайт,бизде,даже светофордон отуудон коркосун,менин курбумду да ушундай кылып,эки маршрутка биринен бири отом деп,тебелеп кетти,пешеходдо отуп бараткан жеринен,супер инфого ошол аварияны коргон куболор бар бекен деп жардам иретинде жарыялап коюусун суранып жазсам чыгарбай койду!
0
sirgak_92
2017-05-20 19:45:59
Кыргызстан чоон бир Тулоо откоруш керек
+4
Beka95
2017-05-20 21:20:04
кундо жок эле дегенде бирден киши каза болуп жатат мен да студентмин кундо окуума барып келем пешеходтордон Бисмиллани айтып аландап аран отуп калдык , качан кайсы жактан келип урар экен деп калтырап.
+7
Kyialbek0410
2017-05-20 22:08:16
Жайы жаннаттан болсун жаш кыз экен алла оз рахматына алсын оомин.айдоочулар силерге ынсап берсин кыргыздарды кууратып атасынарго чекеден не кылып атасынар
+4
ayjan_90
2017-05-20 22:21:30
Мыйзамды аябай кучотуш керек урматтуу айдоочулар кичине акырын айдагылачы шашпай эле шашкан шайтандын иши бироону сузосунор же озунор авария болосунар кундо олум пешеходтон отуп жаткан экенго кыз бул жерде айдоочу куноолуу 100%
+5
ayjan_90
2017-05-20 22:23:43
Москвада пешеходтордон ойлонбой отобузго баары токтойт бирдей а Кыргызстанда чекедеги жолдон коркуп басабыз баары праваны сатып алышкан правиланы билишпейт оолугуп айдашат
+6
Атасынын баласы
2017-05-21 00:17:53
ПМ проектисинин ишке ашпагандыгынын дагы бир далили. Алар иштебей эле элден акча ондуруунун жолун карап,колдору бошобой журушот. Чондору маршруттук таксилеринин башчыларынан эчак доля алып коюшса керек. Ошол учун озуно ишенимдуу жол эрежесин бушуп жатышат. Жыйынтыгы бул...
+3
solntse95
2017-05-21 05:52:50
Маршрутка айдагандар ичпесе деле ичкен кишидей айдашат (баары эмес). Жоопкерчилик дегендин "Ж"сын билишпейт!!!!!!!
+4
kanu
2017-05-22 13:33:56
solntse95,ооба, толтура кишини салып алып каттуу айдап жарышып бири бири менен,жон эле куйуп кетесин да эмнеге шашышат кудай берген ырыскыны табышат да бири биринен отуп кеткен кундо да
0
Kroxa
2017-05-21 07:44:23
А мындай сузгондорду камабайт бизде мен коа эле угуп журом каза болгон адамды куноолоп сот чечимин чыгарат,сузгон айдоочу акчаны берет сотко,ал озу чуркап чыккан атайын ошого барган деп адилетсиз чечим чыгарып олгондун устуно комгон кылат...
+2
sabyr86
2017-05-21 08:57:48
Аябай катуу ылдамдыкта келатканын көргөндөр айтты,сүзүп кайра үстүнөн тебелеп далайга барып токтогон.жапжаш жакшынакай кыз каза болду,убалы уктатпасын.
+5
CEO
2017-05-21 12:34:49
Биринчиден бизде мыйзам иштебейт. Эки окшош куноолуу айдоочунун бири камалса, экинчиси акталып кетет. Ошол себептуу жол коопсуздугунда жылыш жок!!!
+1
Sofy
2017-05-21 13:06:00
Жол эрежесин сактабай, катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар жана органдагы акча менен жумушту бутуруучу жетекчилер ошол машиненин астына озунор тушуп калсанар, же озунордун баланар, озунордун апанар тушуп калса эмне кылмаксынар?!
0
baboskin
2017-05-21 13:26:56
Чондорубуз кичине законду кармап,законду сактаса ушундай болмок эмес, кресло талашпай, законго эч ким баш ийбейт!
0
Nuura-shirin
2017-05-21 14:50:34
Кайсы шордуу болду экен, жакындарына сабыр берсин. кененирээк маалымат берип койсонор супер.
+1
kanu
2017-05-22 13:31:55
ичпеген кундо да негизи эле маршрут айдагандар безпредел айдайт,ошолорго каттуурак чара колдонуп койбосо,..мен канча уруштум эмне гонкада журдук беле толтура кишини салып алып жарышасыз каттуу айдайсыз деп ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан