Кыргыз-Өзбек чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, зилзала 21-майда саат 23:03тө катталып, очогу Ала-Бука районунун борборунан түштүк-чыгышка көздөй 16 чакырым, Өзбекстандын Наманган шаарынан түндүккө көздөй 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн улам жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.