Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кербен шаарында дайынсыз жоголгон 45 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-майда Кербен шаарына жакын жерде Гүлжан Айдарбекова аттуу Ак-Дөбө айылынын тургуну жоголуп кеткен. Издөө иштерине министрликтин куткаруучу отрядынан 15 киши тартылган. Учурда издөө уланууда.