Кечээ, 21-майда Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында балдарды унаага салып кеткен адам алардын атасы экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына 33 жаштагы аял келип, кечээ Беш-Күнгөйдө уурдалды делген балдар аныкы экенин айтты. Анын билдиргенине караганда, күйөөсү экөө бир жылдан ашык убакыт мурун ажырашып кетишкен. Бул убакыт ичинде жолдошу балдарын мектебинен алып кетип, сейилдетип, эч кандай зордук-зомбулук көрсөтпөстөн кайра таштап кетчү экен", - деди басма сөз кызматынын өкүлү.
Маалыматка караганда, балдардын апасы: "Кечээ түшкө жакын жолдошум мага чалып, кызымдын ыйлаган үнүн угузуп: "Экөөбүз ажырашып кеткенибиз үчүн ортодо балдарыбыз кыйналып жатышат", - деген. Ошол убакта социалдык баракчасына бул окуя тууралуу жазган аял аларды көрүп калыптыр. Кызым ажырашпай эле койгулачы деп ыйлап жаткан. Жакында ажырашуубуз боюнча сотубуз болмок", - деп айткан.
Белгилей кетсек, бул окуя тууралуу Евгения Моисеенко аттуу интернет колдонуучу баракчасына: "Тоодон кичинекей баланын кыйкырганы угулганынан Ауди үлгүсүндөгү унаа тарапка бардык. Унаанын арткы отургучунда белгисиз адам кичинекей кыз менен экен. Ал эми дагы бир кичинекей бала унаанын жанында туруптур. Белгисиз адам дароо рулга отуруп өзүнүн балдары экенин айтып, бизге кыйкырып кирди. Балдардан эмне болгонун сураганыбызда, алар эч нерсе айтышкан жок. Чамасы алар коркуп калышкан. Айдоочу унаасын белгисиз тарапка айдап кетти", - деп жазган.