Мындан 57 жыл мурун, 1960-жылы 22-майда Түштүк Америкада жайгашкан Чили мамлекетинде күчү 9,5 баллга жеткен зилзала болгон. Анын кесепетинен жана жер титирөөдөн улам пайда болгон цунамиден 6 миңге жакын киши каза болгон.
Бул кырсык тарыхта "Улуу Чили зилзаласы" деген ат менен калган. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн борбору Сантьягодон 435 чакырым түштүктө, Вальдивия шаарына жакын жерде болгон. Ал эми цунаминин толкундарынын бийиктиги 10 метрге чейин жетип, Гавайи аралындагы Хило шаарына, Япония жана Филиппин өлкөлөрүнө дагы зыянын тийгизген. Кырсык 500 миллион доллар материалдык зыян алып келген.
22-майга карата жылнаама.