Мындан 55 жыл мурун, 1962-жылы 22-майда АКШнын Миссури штатында жайгашкан Патнам округундагы Унайонвилл шаарында Боинг 707 учагы жарылып, 45 киши набыт болгон. Чикаго-Канзас-Сити каттамын аткарып жаткан учак абада кыйрап, анын сыныктары жерге кулап түшкөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында, кырсык учактын ичине салынган жардыргыч заттын иштешинен улам келип чыкканы белгилүү болгон.
22-майга карата жылнаама.