Бүгүн, 22-майда Бишкектеги Токтогул-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө жүргүнчүнү сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн эртең менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти мугалиминин столунан ачкычты алып, Хонда Авенсер үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кеткен. "Шаар айланып жүрүп, Асанбай кичи районуна жеткенде майы түгөнүп калган. Телефонун күрөөгө коюп, май куюп, жолун улаган. Токтогул-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде 25-30 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Муну көрүп калган аймактык милиция кызматкерлери айдоочуну кармап, унаа издөөдө жүргөнүн аныкташкан. Жабырланган жөө жүргүнчүгө биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, №4-ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө" , - дешти милициядан.