Милиция түндө Бишкектеги "Дыйкан" базарынын соодагерлерин кармап кетти

24-майга караган түнү Бишкектеги "Дыйкан" базарында иштеген 11 адамды милиция кызматкерлери күч менен кармап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда кармалган соодагерлердин бири Гуля Курамаева билдирди.

"Биз базардын жанында турганбыз. Бир убакта эле "буга чейин базарды жабууга тоскоолдук кылып келген лидерлерди кармагыла" деген буйрук болду. 4 эркек 7 аялды кармап автобуска салып милиция бөлүмүнө алып келишти. Бул күнү биз эч кандай мыйзам бузуп тоскоолдук жараткан жок элек. Кечки саат 23:00дөн бери кармалып турабыз", - деди Курамаева.

Эске салсак, кечээ, 23-май күнү түнкү саат 22:30дан баштап, "Дыйкан" базарын жабуу иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nevestkaa
2017-05-24 07:49:02
Кандай себеп мн жаап жатышат,андай экен башка жерден жай ачып берип койгула.Силерге оорчулугу тийбей өз тирилигин кылып жаткан соң.Бизде ушинтип камап коркутмай мода болуп калдыбы дейм.
+4
nurbekasr
2017-05-24 08:06:45
Нариман Түлеевдин мүлкү бүтүп, эми базарды жерин алабыз деп калышкан го.Алкымыңарды тешип чыкса экен.Бул базарды да чоон акча кылып жатышат да, бири бирине олчойгон акчага сатышып.Бул базарды жапсаңар анда ак үйдун короосунан базарга жер кылып бергиле.
0
TalaCSKA
2017-05-24 08:14:59
Ким кардар катары ушул базарга барган болсо билет кандай ынгайсыз экенин просто Ош базарына жакын ошону учун соодагерлер кеткиси келбей жатышкан.Сары Озон деле ынгайсыз экен Дордой Моторс алыс .
+3
Azat.97
2017-05-24 09:00:08
ар бирбибиз озубузду ойлоп отурсак жылыш болмок беле.Туура.Жабылсын ошол базарган. ким барган болсо билет кандай экенин.Жолунун начардыгы тазалыгынын жоктугу
+1
Azat.97
2017-05-24 09:01:05
жер астындагы отмокторду ондойлу десе да каршы чыгышты эле.
+2
Truelensk
2017-05-24 10:26:10
Дордойду эмнеге жаппайт зынк болуп турса ким тийишмек эле.
0
Amirov-kutman
2017-05-24 14:36:21
Бул бийлик карапайым элди гана кууратты элдер кочкудо уй жайы жок чатырда кун ысыкта кун суукта да эптеп кун коруп жатышат булар башка маселе мн алек эээх силерди
0
Arlenchik
2017-05-24 20:49:11
Негизи бул базарды жаппай эле жетекчисине моонот берип ирээтке келтирип жакшы шартын тузосун деген талап коюп койсо болмок, бул жерде башка бироонун кызыкчылыгы бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан