"Дыйкан" базарын жабууда 11 адам мэриянын жана райондук администрациянын өкүлдөрүнө тоскоолдук жаратышкан. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 11 адам Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 371-беренеси (ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо) боюнча айыпталууда.
"Азыркы тапта алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында. Аларга тиешелүү материалдар Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Буга чейин 24-майга караган түнү Бишкектеги "Дыйкан" базарында иштеген 11 адамды милиция кызматкерлери күч менен кармап кеткенин соодагерлердин бири Гуля Курамаева билдирген эле.
Ал: "Биз базардын жанында турганбыз. Бир убакта эле "буга чейин базарды жабууга тоскоолдук кылып келген лидерлерди кармагыла" деген буйрук болду. 4 эркек 7 аялды кармап автобуска салып милиция бөлүмүнө алып келишти. Бул күнү биз эч кандай мыйзам бузуп тоскоолдук жараткан жок элек. Кечки саат 23:00дөн бери кармалып турабыз", - деген болчу.
Айта кетсек, кечээ, 23-май күнү саат 22:30дан баштап, "Дыйкан" базарын жабуу иштери башталган.