Ак-Буура дарыясынан дайынсыз жоголду делген жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-май күнү саат 09:00дө Оштогу Озгур айылынын жашоочусу 1971-жылы туулган Т.У. аттуу жаран дайынсыз жоголгон. Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардын издөө иштеринин натыйжасында маркумдун сөөгү дарыядан табылды.