2011-жылы 24-майда НАТОнун аскердик аба күчтөрү Ливиянын борбору Триполи шаарындагы Муаммар Каддафинин резиденциясын жана аны колдогон аскерлер жайгашкан имараттарды жардырышкан.
Бул чабуулда абадан 20га чукул сокку урулуп, 19-мартта башталган бомбалоонун эң масштабдуусу болгон. Ливиянын мамлекеттик маалымат булактары чабуул учурунда жөнөкөй жарандардын үчөө каза таап, 150гө жакыны жарадар болгону белгилүү болгон. Ал эми НАТОнун өкүлдөрү ар күн сайын түн ичиндеги чабуулдары Каддафинин аскердик объектилерине гана багытталып жаткандыгын айтышкан.
24-майга карата жылнаама.