Баткен облусунун Кадамжай районундагы каналдан куткаруучулар тарабынан белгисиз эркек кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында ӨКМнын мобилдүү куткаруучулары Абсамат айылындагы каналдан белгисиз эркек кишинин жансыз денесин табышты. Табылган дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда каза болгон адамдын өздүгү такталууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
"Ал болжол менен 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү адам. Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалып, иш жүргүзүлүүдө. Ал эми милиция кызматкерлери териштирүү иштерин аткарууда", - дешти Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.