Баткен облусунда сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Актатыр айылында 3 турак үйдүн ичине жана 19 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Андан сырткары 200 метр ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 282-чакырымында сел агып өтүүчү сайда бараткан 3 жеңил унааны сел агызып кеткен.
Андан сырткары Самаркандек айылында 3 турак үйгө сел суулары кирген. Курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн короосуна сел суулары кирип, ичиндеги тактайларды жана дүкөндүн алдында турган 1 жеңил унааны агызып кеткен.