Чүйдө окуучунун өлүмүнө шектелип кармалган бала жашы жете электердин абагына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Ф.В. кармалган. Ага "киши өлтүрүү" боюнча айып тагылып, жашы жете электердин абагына киргизилди.
Айта кетсек, окуя 21-май күнү саат 22:30 чамасында Аламүдүн районунда болгон. Анда 8-класстын окуучусу П.Ю. бир нече жолу бычакталып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын денесине 17 жолу бычак сайылганы аныкталган.