Кадамжай районунда каналдан табылган жансыз дененин өздүгү такталбай жатат (нерви жукаларга сунушталбайт)

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кечээ, 25-май күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Азыркы тапта анын өздүгү такталбай жатат.

Маркум ак түстөгү, жакасы кара футболка кийип жүргөн. Орто дене түзүлүштө, чачы кара. Үстүнкү жаагынын сол жагындагы 3 жана 5-тиши, оң жагынан 4 жана 5-тиши, алдыңкы жаагынын сол жагындагы тиштери сары металл менен капталган.

Милиция сүрөттөгү кишини тааныгандардан аты-жөнүн тактоого жардам сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ayjan_90
2017-05-26 11:51:55
Мыкаачылар аябай кыйнашканго татыктуу жаза беришсин соттор эми
+4
patriot-bala
2017-05-26 19:55:25
Жараткан ак кепинге ороп. Жакындарынын топурак салышын насип кыла көр.
+1
butun.kg
2017-05-26 13:24:52
Таджик окшойт
0
Seryi-Kardinal
2017-05-26 15:16:43
Ильяз Агыбай уулу деген куудулга окшош экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан