Патрулдук милиция: "Бишкекте тротуарда колясканы сүздү делген айдоочуга жол эрежесин бузганы боюнча айып салынды"

Бишкекте тротуарда колясканы сүздү делген айдоочуга жол эрежесин бузганы боюнча айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Бишкектеги Чүй көчөсүндө болгон.

"Бизге шаар тургуну кайрылып, белгисиз айдоочу тротуарда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен колясканы сүзүп кеткенин айткан. Колясканын ичинде кичинекей бала болгон. Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан айдоочу кармалып, суракка алынган. Анда ал жол эрежесин бузганын моюнуна алып, бирок колясканы сүзбөгөнүн айткан. Азыркы тапта жол эрежесин бузганы боюнча 1000 сом айып салынып, шаар тургунунун арызынын негизинде тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

Тротуарда унаа айдап бара жаткан кыз коляскадагы баланы сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bakan
2017-05-26 15:53:20
Оозунду ачып машинаны видеого тарткандан коро баланды карабайсынбы
+9
tyka
2017-05-26 16:20:49
Таанышы бар бироо го ))
+4
aselushka
2017-05-26 16:32:17
Албарсты мени басты мен аны бастым болуптурда
+1
aerforce
2017-05-26 17:14:22
Жол эрежесин бузуптур бирок машына кеткенден кийин озу эле ообара салды баланы байкасанар тиги тратуарда айдап келеюаткан акмактарга соз жок ал эми баласын карабай видеого тартып баласын оодарган айым айым беле эмескен
0
Kyialbek0410
2017-05-26 17:54:25
Аялда куноо жок ал оз жолунда кетип атса.эшек деле оз жолу менен журотко айдоочуларга айтарым бироого зыян кылбай оз жолунарда жургуло
+6
raykray
2017-05-26 19:21:39
кызык он жагын карап корбойбуз,сразу женил кыска ой мн Тарс эте калабызды, бул тартып атып болду дейсинер бир кун бир эне баласын жетелеп коляска суйроп баратса аларды жайлап кетсе эмне дейт эленер?! тарткан аялда айып жок!!! ал баласын жакшына карап оз жолунда баратат, Ошо жерге машина журбосо мындай болмок эмес бирок кокустук!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан