Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, айдоочунун аялы каза болду

Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 26-май күнү саат 16:30 чамасында Таш-Көмүр-Тегене унаа жолунун 15-чакырымында болгон. Анда Хонда CR-V үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, ала салып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1971-жылы туулган К.З. аттуу аял каза болуп, 1963-жылы туулган айдоочу Ж.З. жана 1972-жылы туулган Ж.Б. ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу мас абалда болгон. Ошондой эле каза тапкан аял айдоочунун жубайы экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aslan_akjol89
2017-05-27 11:14:19
Аллахым озу кечирсе экен адашкандарды.100% ичкиликтин кесепети.Мен оз козум менен кордум,эженин баш соогу жок жатканын,пиволор жатат чачылып.Ичпегилечи ушу атын очкурду.Суусасанар бекер берейинчи суусундуктан.Ичкиликти ИЧПЕГИЛЕ,ИЧИРБЕГИЛЕ,САТПАГЫЛА,САТТЫРБАГЫЛА,жадагалса элпектенип куюп да бербегиле.Жамандыктын башатынын козун ачпагыла.
+14
kalima88
2017-05-27 13:28:42
aslan_akjol89,каерде болуптур?
0
aslan_akjol89
2017-05-29 13:43:11
kalima88,Кумбулун (илгерки Эшек-Сай) деген жерде.Жердештерин экен,Жаныжолдон.
0
kanatbekabytovich82
2017-05-27 12:41:54
Кантип гана ушул нерсе менен жашаар экенсин эми омурундун акырына чейин.....
Арака эми чумкуйсун,эми ичесин,козун ачылбай,бир аз болсо да унутушка аракет кылып....
Аялына жалко.....
0
kalima88
2017-05-27 13:23:56
kanatbekabytovich82,ким эле ал?
0
kalima88
2017-05-27 13:26:48
Неге аты -жонун только жазбайсынар, бул жерде кылмыш иши катталган жок да.
0
molorbaev
2017-05-27 18:19:05
Жаман болгон экен. Кырсыктын 90%ы ичкилик айынан.
0
Rasul94
2017-05-29 19:25:06
кудай сактасын тегененин жолдору аябай бузулду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан