Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "өзүм билемдикке" шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылы Жалал-Абад ОИИБине М.Р. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, Бишкек-Ош унаа жолундагы кафелердин биринен белгисиз үч адам БМВ Х-5 үлгүсүндөгү унаасын тартып алып коюшканын айткан. Ал арыздын негизинде ыкчам-тергөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Сузак районунун Ш.Н. аттуу тургуну кармалган.

Учурда ага Кылмыш жаза кодексинин 353-беренеси (өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан