Ооганстандагы жардыруудан кеминде 18 киши каза болду

Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарында болгон жардыруудан кеминде 18 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен жан кечти өзүн аскердик базанын жанында жардырып жиберген. Кырсыктын кесепетинен кеминде 18 киши каза болуп, 10го жакын адам жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Азырынча жардырууну эч бир террордук уюм өз жоопкерчилигине алыша элек. Жардыруунун күчү катуу болгондуктан каза тапкандардын дене-мүчөлөрү чачырап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bazar
2017-05-27 18:41:56
Муну Америка эле кылды. Ошолордун колунан келет
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-27 18:47:02
Ким кылса оздору мин эсе жаман болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан