Кара-Сууда жергиликтүү тургун кудукту тазалоого түшүп каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда Кызыл-Кыштак айылынын Мукумий көчөсүндө кудуктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21 метр тереңдикте казылган кудуктан табылган кишинин жансыз денесин куткаруучулар тобу алып чыгышкан. Маркум аталган айылдын 1976-жылы туулган тургуну экени аныкталып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Каза болгон тургун кудукту тазалоо үчүн түшкөнү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
upol92
2017-05-29 12:37:24
Тазалаганы тушсо карап турушса болчу экен
+1
surgeon777
2017-05-29 13:19:46
Кудукка спецодежда менен тушуш керек,коопсуздук эрежелерин сактап,жабык,аба отпогон жерге уулуу газ толуп калат,атайын иштеген жумушчулар тушуш керек мындай жерлерге...
Маркум уугуп калган же травма алып озуно келе албай калган деп ойлойм.
Жаткан жери жайлуу,жайы жаннатта болсун...
+2
kychan.98
2017-05-29 13:52:47
surgeon777,ажал
+1
surgeon777
2017-05-29 14:42:02
kychan.98,туура айтасыз,бирок сактансан Кудай сени сактайт дейт..
+1
lizaliza
2017-05-30 19:52:03
Ушундай жонокой эрежелерге этибар бербоочу жайыбыз барда. Кара - Суу базарына да эки жыл мурунбу бит уй булоо кийим кылганы кирип кетип , балдары машинанын терезелери жабык болгондуктан , байкуштар аба жетпей олуп калгандарын окуп аябай даман болгон болчум. Кичине Адам этияттанса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан