Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.
14:06. Салянованын иши боюнча сот отуруму башталды.
14:12. Судья Мирлан Термечиков Аида Саляновага анын соттогу укуктарын жана милдеттерин түшүндүрдү.
14:16. Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүү өтүнүчүн келтирди. Прокурорлор "тергөөнү УКМК жүргүзгөн. Бул мекеме Биринчи Май районунда жайгашкандыктан, биз ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүүгө макул эмеспиз" дешти. Судья бул маселе боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
14:40. Судья кеңешме бөлмөсүнөн келди.
14:43. Судья Мирлан Термечиков Аида Салянованын жактоочусунун ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүү өтүнүчүн канааттандырды.
15:07. Соттолуучу Салянова өзүнө коюлган айыптарды саясий деп эсептегенин айтты. "Эгерде бүгүн сот биздин өтүнүчтү канааттандырбаганда, ишенбөөчүлүк көрсөтмөкпүз. Анткени көбүнчө саясий иштер Биринчи Май райондук сотунда өтөт. Бирок бүгүн ишенбөөчүлүккө кажет жок", - деп түшүндүрдү А.Салянова.