Жалал-Абад шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда пикир келишпестиктен улам чыр чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо участогунун короосунун сыртында 3-4 киши чырдашкан. Бирок бул пикир келишпестик шайлоого тиешеси жок. Учурда бир адам арыз менен кайрылды. Анын алган жаракаттарынын денеге канчалык зыян алып келгени боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмыш ишин козгоо маселеси экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет", - дешти милициядан.
Маалыматка ылайык, учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.