Орусиянын Москва облусунун жана Москва шаарынын аймагында 29-майда жүргөн катуу шамал 13 адамдын өмүрүн алып кетти деп жазат ТАСС басылмасы. Акыркы маалыматтар боюнча 140ка жакын адам табият кырсыгынан жабыр тарткан. Борбор калаанын мэри Сергей Собянин Москванын жаңы тарыхында буга чейин мындай табият кырсыгынан масштабдуу жоготуу болбогонун айтат. Ал эми синоптиктер тургундарга аба ырайындагы мындай кубулуш кайрадан кайталанышы мүмкүн экенин билдирди.
Эксперттик кызматтардын маалыматында алгач 11 адам катуу шамалдан келип чыккан ар кандай кырсыктардан каза болгондугун белгилеп, бул болжолдуу цифра деп билдирген. 137 адам медициналык "Тез жардам" кызматына муктаж болгон. Кырсыктардын сүрөттөлүшү ар башка, мисалы, Кировоградск көчөсүндөгү аялдама шамалга туруштук бере албай, 1 адамды басып калып, ал натыйжада жан берген. "Шамал катуулап баштаганда 1 аял жана киши аялдаманын далдоосуна корунушкан. Аңгыча катуу шамал аялдаманы жыгып, киши качууга үлгүрбөй алдында калды", - деп белгилешет күбөлөр. Ал эми башка каза тапкан адамдардын өлүмүнө бак басып калуу, түрдүү металлдардын бөлүктөрү басып калган ар кандай кырсыктар себеп болгон. 11 өлүм 13 адамга жеткенин Москва облусундагы жоготуулар толуктайт. Тилекке каршы, алардын арасында 11 жашар кыз бар.