Бишкек шаардык соту Шыкмаматовдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бүгүн, 30-май күнү Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча отурум өттү. Анда Шыкмаматовдун жактоочусунун кассациялык даттануусу каралды. Жыйынтыгында шаардык соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы жактоочунун даттануусун канааттандырган жок.

Буга чейин 24-майда Биринчи Май райондук сотунда айыпталуучулардын жактоочулары ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна өткөрүү өтүнүчүн келтиришкен эле. Бирок судья Айбек Эрнис уулу ал өтүнүчтү канааттандырган жок. "Шаардык сот даттанууну бир жуманын ичинде карап, ишти Свердлов райондук сотуна өткөрүү же Биринчи Май райондук сотунда калтырууну чечет", - деген Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова.

Шыкмаматов менен бирге Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, "Барат Люкс" ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Айта кетсек, депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. 24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда, 3-мартта да суракта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан