Украинанын борбору Киевдин Голосеевский көчөсүндө кечээ, 29-майда суу өтүүчү түтүк жарылып, асманга фонтан болуп ысык суу көтөрүлгөн. Кырсыктын күбөлөрү суунун басымы абдан күчтүү болгондуктан, атырылган суу 7 кабат үйдүн бийиктигине чейин жеткен дешүүдө.
Александр Гусев аттуу фотограф социалдык баракчасына тартып жетишип калган сүрөттөрүн киргизген. "Саат 14:10 чамасында Голосеевский көчөсүндө диаметри 200 миллиметр болгон ысык суунун түтүгү жарылды. Айланасындагы унаалар талкаланып, үйлөрдүн дубалдары жуулуп, жарнамалык такталар бузулду", - деп жазат фотограф баракчасына.
Алдын ала такталбаган маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Ошондой эле түтүк жарылган жерге жакын бала бакча болгон. "Жаш балдарды жана адамдарды шашылыш эвакуациялоо жүрдү. Келтирилген чыгымдар жана кырсыктын кесепети иликтенүүдө", - деп жазат чет элдик булактар.