Орусиядагы токойдон жансыз денеси табылган Кыргыз жаранынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголо элек

Орусиянын Ленинград облусунун Сертолов шаарында Кыргыз жаранынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев билдирди.
"Денеси асылып турган жеринен табылган маркумдун иши боюнча кылмыш иши козголо элек. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ошондой эле жергиликтүү полиция кызматы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Алиев.
Эске салсак, буга чейин Орусиянын Ленинград облусуна караштуу Сертолов шаарында Кыргыз жаранынын асылып турган денеси табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alibay
2017-05-30 17:20:46
Кор болдук гоооооо кыргыз!
0
tular
2017-05-30 17:45:31
Байкуш десе
0
lizaliza
2017-05-30 19:45:40
Ойлонуп кимди куноолошунду билбейсин? Замандыбы? Иштеп атабыз деген чондорубуздубу? Же озубуздубу? Спортчусу деле ырчы-бийчиси деле ( Тумар майып бийчи тобун коруп аябай жаман абалда болдум) чет мамлекетке барып , эптеп сыйлык , акчалай каражатка жетишип , жонокой жаштарда оз оокаттарын озго мамлекеттен табуу учун кетишти. Мейли , бизге телегейи тегиз жашоо куруп бербесин, жок дегенде ушундай койгойлорду чондорубуз карап , чечип койсода кубанып калат элек. Жайы жаннаттан болсун жердеш агабыздын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан