Кечээ, 29-майда саат 16:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунун 45-чакырымында жол кырсыгына кабылган Хонда Степвагон унаасында 10 жүргүнчүнүн үчөөсү каза болуп, жетөө ооруканага түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынан билдиришти.
Каза болгондор:
- Исламбек Токтошев - 1981-жылы туулган,
- Асылбек Таксибаев - 2005-жылы туулган,
- 1962-жылы туулган аял кишинин сөөгүн туугандары окуя болгон жерден алып кеткенине байланыштуу аты-жөнү такталууда.
Ооруканага түшкөндөр:
- Сумая Уразабекова - 2005-жылы туулган (баш мээси чайкалып, оң ийини жана оң жамбашы сынган),
- Айсулуу Жүзбаева - 2004-жылы туулган (баш мээси чайкалган, көкүрөк тушунан жаракат алган),
- Кутман Тажибаев - 2011-жылы туулган (баш мээси чайкалган, жаагы сынган),
- Рабия Абдураимова - 1971-жылы туулган (баш мээси чайкалган, көкүрөгүнөн жана эки тизесинен жаракат алган),
- Медет Токтошев - 1979-жылы туулган (баш мээси чайкалган),
- Үмүтбек Шамшиев - 1982-жылы туулган (баш мээси чайкалган),
- Алтынбек Акматов - 1981-жылы туулган. Медициналык жардам көрсөтүлүп ооруканадан чыгарылган.
Эскерте кетсек, кечээ, 29-майда саат 16:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунун 45-чакырымында жол кырсыгы катталган. Жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Хонда Степвагон унаасынын дөңгөлөгү жарылып, унаа бир нече жолу аңтарылып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан. Жүргүнчүлөр Баткен облусунун Самаркандек жана Чоң-Кара айылдарынын жашоочулары экени айтылууда.