Бишкекте ата-энесинин үйүн бөлүшө албай ага-ини мушташа кетишти. Улуусу ооруканада каза болду

Бишкекте ата-энесинин үйүн бөлүшө албай ага-ини мушташа кетишти. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 28-майда милицияга Чүй көчөсүндө 53 жаштагы жарандын ур-токмокко алынганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал арыз жазып, ооруканага жаткырылган. Эртеси ал жаракаттардан улам каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектелип жабырлануучунун 1964-жылы туулган, буга чейин соттолгон иниси кармалган. Тергөө амалдары уланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ага-ини ата-энесинин айылдагы үйүн талашып мушташып кетишкен. Салтка ылайык, бул үйдө ата-энеси менен кичүүсү жашаш керек эле, бирок ал мындан баш тартып, бир нече жыл мурун үй-бүлөсү менен шаарга кетип калган. Ата-эне каза болгондон кийин үй агасына катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
kechirmeni
2017-05-31 09:25:26
Бир туугандарыбыз ата энелерибизден кийинки эн жакын адамдарыбыз. Бир туугандарыбыз ата энебизден бизге калган аманат. Аларды сыйлап урматтайлы. Биздин башыбызга иш тушсо ооруп калсак каралаша турган бул-бир туугандарыбыз. Байлык бийлик табылат бир тууган табылбайт. Келгиле туугандар, ата-энелерибиз, бир -туугандарыбыз, барында сыйлап урматтайлы,отуп кетсе куран окуп, жакшы иштерди кылып сообун багыштайлы.
+10
abusait
2017-05-31 10:59:31
kechirmeni, баары сен ойлогондой болсо экен. Тилеке каршы акчанын айынан бирин бири олтуруп жатышат.Менимче атаки эне буга чейин баарын чечип коюш керек болчу.
+4
tynara81
2017-05-31 11:13:22
abusait,чечип койгон экен агасына катталып. Бир тууган, ата-энесинин чечими, документ деген нерселер кызыктырбаган бир ........ экен да
+2
Alibay
2017-05-31 09:35:41
Мен жаш балдар го депмин.Тообо,аксакал болоюн деп калышыптыр го.Уят эмеспи.Кичуусу акылсыз экени билинип эле турат.Мурда да соттолсо.
+6
engel
2017-05-31 10:36:31
Bir kunu Alla Taala bir Paigambardy synamakka mintip aitat eken: "Sen en jakyn 3 adamdaryndan airylasyn, birok men saga mumkunchuluk berem biroosun tiruu alyp kalganga kimisin tandaisyn: ayalyndyby, balandyby je bir tuuganyndyby?" deit eken. Anda Paigambar oilonup turup birtuuganymdy deit eken. Alla Taala surait eken:" Emne uchun birtuuganyn? Saga ayalyn da balan da keregi jokpu?" dese, Paigambar aitat eken :" Ayaldy bashka alyp alsam bolot, balany bashka jaratyp alsam b
+2
Fidel
2017-05-31 16:26:04
engel, Кыргызча жазсан ХХХ (Крилица)менен. Мен окусам тушунбой койдум, ХХХ тамгаларынды!
-1
engel
2017-05-31 10:44:39
Jaratyp alsam bolot birok men birtuugandy kaidan tabam?" deit eken.Oshondo Alla Taala Paigambardyn joobuna yraazy bolup, tuura joop bergendigi uchun uchoon ten aman koigon eken. Oshol uchun baardygynan bizhe ata ene, birtuugan anan baryp ui bulo kymbat turat ekenin unutpaily birtuugandar.
+1
abusait
2017-05-31 11:01:39
Орустар болсо керек..
-2
kechirmeni
2017-05-31 11:08:41
Орустарда кичуусу уй ээлейт,шаардагы уй айылдагы уй деген тушунук жокко эсе го. Менимче кыргыздар эле болуш керек
+1
meni_kut
2017-05-31 11:30:15
kechirmeni,кичуусу уйду ээлеш учун багыш керек ата энени.Олгондо келбей.

0
Asyl10
2017-05-31 12:00:47
Салт боюнча кичине баласына калат деген Мыйзам жок да, ата-энесине ким коп каралашып,бакса, салт боюнча ошого калат негизи. А бирок, бардык балдарына тегиз болунушу керек.Ата-энелер эртерээк эле бардык балдарына тен мурас калтырып койсо ушундай кылмаштар болбойт.Тамды саткан учурда деле бардык балдарынын макулдугу болбосо там сатылбайт. Ата-энеси нотариус аркылуу мурас жазып кетишпеген болсо,балдарынын баары талашат. Торт баласы болсо тортоо тен мураскер болуп эептелет,аларга бирдей болунот.
+1
Parish
2017-05-31 12:10:35
Рас мындай корунуш коп кездешет ,бирок кайсыл бала ата энени карап картайып куну,ичер суу буткондо ,баардык чыгымдарды озу которгондуку болот да.
0
Savai80
2017-05-31 12:48:22
Бул дагы анча эмес. Мен жашаган жерде бир кемпир жалгыз жашап журуп кайтыш болду. Омуру бироо басып келип кабар алчу эмес ал кемпирден. Анан олгондон кийин эле кызымын деп куйоосун ээрчитип бир аял келди, баласымын деп аялын ээрчитип бироо келди, дагы бир 2-3 адам келди алар кимиси билбейм. Анан уй талашып иттей тытышып ажылдап урушушкан. Биз ал кемпирдин эч кимиси жок го деп ойлогонбуз.
0
mirbek2211
2017-05-31 14:44:55
акыркы учурда ушундай үй талашкан көрүнүштөр өтө көбөйдү Түшүнүктүүлүк менен карашса.
0
ZHYRGAl1412
2017-05-31 15:25:59
Адамдарда пейил кетти ошон учун
0
mirkaa5182
2017-05-31 17:30:12
Бул жерде күнө кичинесинде, көрүнүп эле турбайбы,чыгып кеткен экен...
0
Altynbek-kg
2017-05-31 21:08:16
Аллахым пенделерине ынсап бер.
0
aruuzatmeka
2017-05-31 21:12:33
Талашып отуруп акыры экооно тен буюрбаптыр да ынтымактуу болуп эле болуштурбойбу
0
Lady_90
2017-06-13 17:54:52
Дунуйо душман-деген ушул турбайбы. Бириси акылдуулук кылып койсо болмок экен. Кааап, чатак иш болуптур(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан